Кыргыздын колунан жаралган шырдак

Кыргызстандык ишкер Мансур Абылаев шырдактарды чет өлкөлөргө эскпорттоп келет.

18 Aralık 2021 22:22

Шырдак — кийизден жасалып, жерге салынуучу кыргыздын үй буюму. Кыргыз элинин салттуу маданий мурасы. Шырдак кийизден жасалат да түс айкалышына карай ар кыл түскө боелот. Боелгон эки бөлөк түстөгү кийиз өңүнөн биринин үстүнө бири коюлуп, көктөлүп, бетине оюм түшүрүлөт.

Көчмөн кыргыз турмушунда маанилүү орунга ээ.

Шырдак жасоо чоң сабырдуулукту, туруктуулукту жана чеберчиликти талап кылат.

Кыргыз шырдагынын жасалышында жергиликтүү өзгөчөлүктөргө карай анын аты да ар кайсы жерде ар башкача аталат : "шырымал", "төрбөлжүн", "оймо теке", "ободо", "түр кийиз" ж.б. 

Шырдак жасаган уздун чеберчилигине жараша ар кандай оюмдар салынып, бир нече өң ич ара жупташтырылып, керектүү өлчөмдө жасалат.

Шырдак — жерге салса да, бүктөп жыйып койсо да үйдүн көркү.

Бүгүнкү күндө шырдакты чет өлкөлөргө сатууну эңсегендер көп. Алардын бири Кыргызстандын ишкер Мансур Абылаев.

Мансур Абылаев пандемияга чейин туризм тармагында эмгектенип келген. Тилекке каршы ковид-19 илдети жайылып, туризм тармагы олуттуу киреше алып келбей калганда шырдак жасоочу цех ачкан. Учурда анын ишканасында уз айымдар шырдактын түрлөрүн жасашат. Кол эмгектен жаралган шырдактардын дээрлик 80 пайызы чет өлкөлөргө экспорттолот. Азыркыга чейин АКШ жана Канада өлкөлөрүнө сатылган. Алдыда шырдакты Европага, Түркияга жана араб мамлекеттеринин базарына алып чыгуу пландалууда. 

Эске салсак, шырдак жана ала кийиз ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесинде. Жыл сайын Нарын облусунда шырдак фестивалы уюштурулат. 

Anahtar Kelimeler: шырдак,

Жаңылыктар