2022

Кыргызстан:2022-жылдын республикалык бюджетине кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

19 Ocak 2022 16:57

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 282,1 млрд сом өлчөмүндө каралууда.

2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 291,2 миллиард сом өлчөмүндө белгиленүүдө, бул 2021-жылдын бекитилген бюджетинен 109,9 миллиард сомго көп. 2023-2024-жылдар аралыгында Республикалык бюджеттин чыгашасы тиешелүүлүгүнө жараша 303,5 миллиард сомду жана 303,8 миллиард сомду түзөт.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, , республикалык бюджет,

Жаңылыктар