13 Temmuz 2021 12:37
Жалал-Абаддын Аксы районунун Жаңы-Жол айылында 12-июль күнү саат 18:00дөр чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен турак үйлөрдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кетен.
Анын кесепетинен алты киши көз жумду. Дагы 2 жаран изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда жоголгондордун бирөө 5 жаштагы бала болсо, экинчиси 3 жаштагы кыз.
Учурда издөө жана куткаруу иштери улантылып жатат.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда кечээ түшкөн селдин кесепетин тез арада жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
Ал арада ӨКМ сел жүрүү коркунучуна байланыштуу билдирүү таратып, 13-14-июль күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.
Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Сел, Кыргызстан, Аксы, сел,