Кыргызстан: Билим берүү

Бишкек шаарындагы мектептерге 1-5-9-11-класстар барып окуп башташты.

20 Ocak 2021 11:58

18-январдан баштап Бишкек шаарындагы мектептерге 1-5-9-11-класстар барып окуп башташты.

Балдар 1-февралга чейин эки нөөмөттө окушат, класста шахмат түрүндө отургузулат. Ал эми адистер, эпидемиологдор пандемия учурундагы  билим берүү процессине көз салышат.

Эгер көрсөткүчтөр туруктуу болсо, болжол менен экинчи этап башталат — бардык окуучулар мектепке барып, билим ала башташат.

Мектептерде консервацияланган күндүзгү ооруканалар жайгаштырылат, техникалык камсыздоо Үй-бүлөлүк медицина бөлүмүнө өткөрүлүп берилет, керебеттер жана башка шаймандар сактоо үчүн тиешелүү кызматтардын балансына өткөрүлөт.

Шаардык милиция коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга аяр мамиле жасоого чакырат. Жолдордо жана аялдамаларда балдар бар жерден абайлап өтүүнү өтүнөт.

Белгилей кетсек Бишкек шаарында жалпысынан 97 мектеп жана 87 бала бакча бар. Шаарда 7 миң 200 мугалим жана 1370 тарбиячы эмгектенет. 

19-январга карата Кыргызстанда дагы 90 кишиге коронавирус жугуп, Бишкекте эки, Ошто бир бейтап көз жумду.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 83 268 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 79 249и сакайды. Соңку бир күндө 145 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1390 адамга жетти.

Жаңылыктар