30

Кыргызстан эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөөдө

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого карата салтанаттуу иш-чара өттү.

31 Ağustos 2021 14:24

Бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын коргоо министри жана параддын командири Таалайбек Өмүралиевдин параддык эсеп менен саламдашуусу жана куттуктоосу менен башталды.

Рапорт кабыл алынган соң Кыргыз Республикасынын президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров көз карандысыздык мааракесине карата куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнүн урматына «Ала-Тоо» аянтында Коргоо министрлигинин, УКМК чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абада коргонуу күчтөрүнүн, ӨКМ аскерлеринин, Ички иштер министрлиги жана ИИМ Академиясынын өздүк курамынын катышуусунда аскер парады өттү.

Парадда жалпысынан 2 миңден ашуун адам катышты.

Андан соң, зооттуу танкалык техника, артиллериялык курал, атайын багыттагы бөлүктөрдүн ошондой эле, эмгекчилдердин салтанаттуу жүрүшү орун алды.

Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгынын урматына замбиректерден ок атылды.

Кыргыз Республикасынын президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргыз элин майрамы менен куттуктады.

"Кыргызстан быйыл жаңы редакциядагы Конституцияны кабыл алуу менен элдин колдоосунун негизинде президенттик башкаруу формасына кайтып келди. Президенттик башкарууну парламенттик башкарууга каршы коюп жүргөн күчтөр бар. Баса белгилеп айта кетейин, жаңы Конституция - улуттук мамлекетти чыңдоо, коомдогу баш-аламандыкка чек коюу сыяктуу милдеттерди жүзөгө ашырууга өбөлгө болуп, ошол эле маалда демократиялык багытты улантууга шарт түзөт. Башкача айтканда, демократиялык баалуулуктарды көздөөдөн тайбайбыз", - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров

Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өттү.

Ала-Тоо аянтындагы майрамдык салтанатка катышкан Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган

жалпы кыргыз элин эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Өз кезегинде эгемендүү Кыргызстандын көз карандысыздыгын алгачкы болуп Түркия тааныганын эске салып, 30 жыл аралыгында Түркия менен Кыргызстан бир топ жетишкендиктерди багындарганын баса белгиледи.

«Түркия Кыргызсанга манилүү инвестицияларды салды. Кыргызстанда туруктуулукту күчтөндүрүү үчүн болгон аракетибизди жумшап келебиз.  Түркия ар дайым Кыргызстанды жана кыргыз элин колдойт»,- деп белгиледи элчи мырза.

Anahtar Kelimeler: Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгы,

Жаңылыктар