Кыргызстан: энергетика тармагындагы реформалар талкууланды

Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда кереге кеңеш өттү.

17 Mayıs 2022 16:02

Бүгүн,Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда кереге кеңеш өттү. "Энергетикадагы реформа: алдыдагы пландар жана перспективалар" деп аталган кеңеште энергетика тармагындагы өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу аракеттери талкууланды. Адитер саясий стабилдүүлүккө өзгөчө көңүл буруп, жергиликтүү администрациялардын тез-тез алмашып турушу көйгөйлөрдү жаратып жатканын айтышты.

Бекмурзаев Энергетикалык компанияларды оптималдаштыруу тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча каражаттарды табууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

Өз сөзүндө министр өз ишмердүүлүгүндө бардык сунуштарга ачыктык принцибин карманарын жана энергетика маселелерине байланыштуу идеяларды талкуулоого даяр экенин кошумчалады.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Энергетика министрлигине энергетикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча маанилүү милдеттер коюлду: Булар, тармактагы компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ири долбоорлорду ишке ашыруу. Президент эки жылдын ичинде энергетика тармагында реформа жүргүзүүнү тапшырды. Өткөн жылдагы кыйынчылыктарга карабастан, биз энергия менен камсыздоону жана калкты тейлөөнү жакшыртууга багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашыра алдык",- деп белгиледи Доскул Бекмурзаев.

Тегерек столдун жүрүшүндө эксперттер тармакты өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын айтып, министрге суроолорун беришти.

 

 

 

Жаңылыктар