Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Түркиянын тажрыйбасын пайдаланууга кызыктар

Түркиянын OSTIM Enerjik кластеринин башкармалыгынын төрагасы Яшар Челиктин жетектчилигиндеги 20 ишкер Кыргызстанга келди.

15 Aralık 2021 13:10

Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүгүү боюнча агенттигинин чакыруусу боюнча 2021-жылдын 14-16-декабрында Бишкекке Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген “Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын” ишке ашыруу максатында Түркиянын OSTIM Enerjik кластеринин башкармалыгынын төрагасы Яшар Челиктин жетекчилигиндеги делегация келди.

Иш сапардын негизги максаты - гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы инвестициялык долбоорлор менен таанышуу жана тандоо болуп эсептелет.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүгүү боюнча агенттиги Бишкек шаарында түркиялык ири компаниялардын катышуусунда бизнес жолугушуу өткөрдү.

Президенттик Аппараттын Инвестицияларды тартуу жана колдоо бөлүмүнүн башчысы Толкунай Таалайбекова форумдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө, Кыргызстанга келген ишкерлерге ыраазычылык билдирип, OSTİM Enerjik кластеринин башкармалыгы менен бирге иштешүүгө даяр экендигин айтты. Өз кезегинде Түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

«Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бардык тармакта интенсивдүү кызматташтык бар. Кыргызстанда иш алып барган Түркиялык бизнесмендердин саны 300дөн ашат. Түркия Кыргызстанга 700 миллион долларлык инвестиция салган. Келечекте Түркия менен бирге ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырабыз деген үмүттөбүз. Бизнес чөйрөсүндөгү бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкка, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенем»,-деди ал.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Түркиянын тажрыйбасын кыргызстандык тараптарга жеткирүү маанилүү экенин баса белгиледи.

OSTIM Enerjik кластеринин башкармалыгынын төрагасы Яшар Челик, жолугушуулардын натыйжасында эки өлкө ортосундагы соода кызматташтык өнүгүп, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошо турган долбоорлорду иштеп чыгуу максатталып жатканын айтты.

Маалымат үчүн: OSTİM Enerjik энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду илгерилетүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбага ээ. OSTIM Enerjik өз командасынын тажрыйбасынын аркасында дүйнөгө таанымал уюм.

Anahtar Kelimeler: Түркия, Кыргызстан,

Жаңылыктар