Кыргызстан кайрадан президенттик башкарууга кайтты

Кыргызстан 5-май – Конституция күнүндө жаңы Баш мыйзам менен жашоого өттү.  

06 Mayıs 2021 01:26

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 5-майда 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык, «Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык өкмөт Министрлер кабинети болуп кайра түзүлдү. Премьер-министрдин кызматы жоюлса, бир катар министрликтер менен ведомстволор бирикти.

Министрлер кабинетинин төрагасы болуп буга чейинки премьер-министр Улукбек Марипов, төраганын орун басары кызматына ушул кезге чейин вице-премьер-министр болуп турган Артем Новиков дайындалды.

Министрлер кабинетинин түзүмү төмөнкүдөй:

Ушул кезге чейин вице-премьер-министр болуп турган Улукбек Кармышаков министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри болуп дайындалды.

Буга чейин байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигин ээлеп турган Азамат Дыйканбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри болду.

Жылдыз Бакашова министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп калды.

Коргоо министри Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович;

Тышкы иштер министри Казакбаев Руслан Айтбаевич;

Юстиция министри Чынбаева Асел Рыспековна;

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович;

Билим берүү жана илим министри Купешев Болотбек Душекович;

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Иманалиев Кайрат Олжобаевич;

Өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек Эргешевич;

Ички иштер министри Ниязбеков Улан Омоканович;

Транспорт жана коммуникациялар министри Абдралиева Гүлмира Курманбековна;

Энергетика жана өнөр жай министри Турдубаев Кубанычбек Апышевич;

Айыл, токой жана суу чарба министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович;

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри Шыкмаматов Алмамбет Насырканович;

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Кутманова Динара Асиевна;

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич болуп дайындалды.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан,

Жаңылыктар