Кыргызстан Казакстандан бул өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөрдү тез арада алып салууну өтүндү

Кыргызстан Казакстандан Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасына кирүүсүнө чектөө чараларын алып салууну тездетүүнү өтүндү.

13 Ağustos 2021 14:15

 

Кыргызстан Казакстандан бул өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөрдү тез арада алып салууну өтүнөт. Бул тууралуу  Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушууда билдирди.

 

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чектөө алынса кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагына кирип-чыгуусу, машиналардын каттоосу жеңилдейт эле.

 

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу казак тарап 2020-жылдын жаз айларында жапкан чек араларын ача элек. Бул өлкөнүн аймагына азыр учак аркылуу гана кирүүгө болот. Автомашина менен кирүү үчүн өзүнчө уруксат талап кылынат.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Казакстан,

Жаңылыктар