Кыргызстан: коронавирус боюнча кырдаал

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 1312 адам каза болду.

14 Aralık 2020 14:02

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 318 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ошол эле учурда 258 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 5 адам каза болгон.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 77 миң 674 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 70 миң 450 киши айыгып чыкса, 1 миң 312 адам каза болду.

Учурда стационарда 2 миң 87 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 951 бейтап дарыланууда. 1422 бейтаптып абалы канааттандыраарлык, 553 кишинин абалы орточо оор, 91 бейтап өтө оор абалда.

 “Бир күн ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 5, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 39 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 770 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Жаңылыктар