Кыргызстан: Курман айтты утурлай

Кыргызстандыктар Курман айтты утурлай базарларга агылды.

19 Temmuz 2021 21:27

Кыргызстанда курман айт майрамына байланыштуу мал базарларда соода кызыды. Жарандар койдун көлөмүнө, эттүү болушуна карап мал тандоодо.

Аны менен катар азык түлүк саткан базарларда.эл көп чогулду.

Кыргызстанда майрамдык намаз мечиттерде гана окулат, келген жарандардын баары бет кап тагынып, ортодогу 1,5 метр аралык сакталышы шарт. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат. Ар бир адам дааратты үйүнөн алып, өзүнүн жайнамазын көтөрө келиши керек.

Дене табы көтөрүлгөндөр, сыркоологондор жана жаш балдар мечитке киргизилбейт. Муфтият айт намазы окулуп бүтөрү менен жарандарды көпкө кармалбай, тез тарап кетүүгө чакырды.

Майрамга байланыштуу Министрлер кабинети 19-июлдагы жумушчу күндү 24-июлга которгон. Мындан улам кыргызстандыктар төрт күн эс алышат

Жаңылыктар