Кыргызстан Кытайдан карызды төлөө мөөнөтүн узартууну сунуш кылды

Президент Сооронбай Жээнбеков  Коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизгенин эске алуу менен, Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

14 Eylül 2020 12:40

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапары менен келген Мамлекеттик кеңештин мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болуп өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков  Коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизгенин эске алуу менен, Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады. 

Ошондой эле экт өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеп, айыл чарба, транспорт жана жол боюнча артыкчылыктуу долбоорлорго токтолду.

Президент Сооронбай Жээнбеков электрондук соода жана маалыматтык технологиялар сыяктуу чөйрөлөрдө кызматташуунун жаңы моделдерин ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Бул өз кезегинде өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө өбөлгө түзөт.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле өз ара тилектештикти жана учурдагы түзүлгөн кырдаалда бири-бирин колдоону улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Кыргызстандын соңку эсептеги 3 миллиард 874 миллион доллар тышкы карызынын бир миллиард 1 миллиард 794 миллиону Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. 

Президент Сооронбай Жээнбекков апрель айында Кытайдын лидери Си Цзиньпиң менен телефондон сүйлөшкөндө дагы  карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылган.

Жаңылыктар