Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюлду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюшту.

20 Nisan 2022 14:02

Баку шаарында Кыргызстандын президенти менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду. 

Расмий жолугушуу аземи аяктаган соң өлкө лидерлери тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө өтүштү. Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Ильхам Алиев өз сөзүндө азербайжан тарап кызматташуунун бардык багыттары боюнча жигердүү кызматташууга умтуларын баса белгилеп, Садыр Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Ильхам Алиевге Азербайжанга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал боордош Азербайжан менен эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Көзмө-көз жолугушуудан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген курамда уланды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Алар билим берүү, медиа, айыл-чарба, авиация, байланыш, каржы ж.б. тармактарды камтыйт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюшту.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Садыр Жапаров, Азербайжан, Ильхам Алиев,

Жаңылыктар