1

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда соода жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүү пландалууда

Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар боюнча кеңешинин (ДЕИК) алдындагы Кыргыз-Түрк ишкердик кеңешинин (КТИК) Төрагасы Айдын Мыстачоглу Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы жылдык соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү максатталып жатканын маалымдады.

28 Nisan 2021 23:32

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган элчиси Ахмет Садык Доган түрк ишкерлери менен онлайн форматта жыйын өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү жана  жаңы мүмкүнчүлүктөр талкууланды. Ошондой эле Кыргызстандагы аэропортторду жаңылоо, биргелешкен өнөр жай аймагын түзүү жана инвестициялар үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маселелери каралды.

Жыйындын жүрүшүндө Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар боюнча кеңешинин (ДЕИК) алдындагы Кыргыз-Түрк ишкердик кеңешинин (КТИК) Төрагасы жана «Мыстачоглу Холдингдин» Башкаруу кеңешинин төрагасы Айдын Мыстачоглу КТИКдин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Өз кезегинде Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы жылдык соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү максатталып жатканын маалымдады.

«Түркия Республикасынын Соода министрлиги жана ДЭИК иштеп чыккан Чет өлкөлөрдө эркин зоналарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында Кыргызстанда эркин экономикалык аймак түзүү туралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Кыргызстанда түзүлө турган эркин зонага түрк компанияларын киргизүү максатталууда. Аталган эркин зона аркылуу түрк компанияларынын Борбор Азия өлкөлөрүнүн баарына товар сатуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу пландаштырылууда»,-деди ал.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Түркия,

Жаңылыктар