Кыргызстан менен Түркиянын желектерин желбиреткен ММА спортчусу Кямран Аббасов

ММА боюнча белгилүү спортчу, ONE Championship дүйнөлүк титулунун ээси Кямран Аббасов мелдештерге ар дайым Кыргызстан жана Түркиянын желектерин көтөрүп чыгат.

06 Haziran 2022 15:08

Кямран Аббасов  1993-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Улуту месхет түркү. Ал 1944-жылдагы Сталиндик сүргүндө Кыргызстанга келип отурукташып калган үй-бүлөөдө жарык дүйнөгө келген.

Бала кезинен спорт менен машыгып, эрежесиз эр уруш боюнча,  эл аралык деңгээлде жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп Кыргызстандын желегин желбиретип келген. Учурда мелдештерде кыргыз жана түрк желектерин желбиретип жүрөт. 

Эрежесиз эр уруш боюнча Азиядагы беделдүү уюмдардын бири «ONE Fighting Championship’тин» алкагында 2019-жылы чемпион болгон. Ал 3 жолу чемпиондук макамын коргогон.

Беттештерге «Дирилиш Эртугрул» сериялынын музыкасынын коштоосунда чыгат

Профессионалдык спорттук карьерасына байланыштуу 2015-жылдан бери Орусияда жашап жаткан кыргызстандык 29 жаштагы  Аббасов мелдештерге "Дирилиш Эртугрул" сериалынын музыкасынын коштоосунда чыгат.

"Улутум түрк, кичи мекеним Кыргызстан болгондуктан беттешттерде Түркия менен Кыргызстандын желектерин желбиретип келем. Дирилиш-Эртугрул сериалынын музыкасы мага чындап күч-кубат берет",-" дейт ал.

Спортчу ошол эле учурда Кыргызстанды сүйүп, кыргыз элин терең урматтаарын баса белгиледи.

"Кыргыз, казак, өзбек - баары менин бир тууганым. Мен бул элдер ар дайым бири-бирин колдоп, кубаттап турушун каалайм. Боордош элдерди бири бири менен жакындатуу үчүнколуман келген аракетимди жасоого ар дайым даярмын",- дейт ал.

 

 

Жаңылыктар