Кыргызстан менен Тажикстан:  Ок атууну токтотуп, аскерлерди чыгарып кетүү макулдашылды

Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

01 Mayıs 2021 23:20

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын алкагында 2021-жылдын 1-майында Кызыл-Бел (КР) - Гулистон (TР) өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Делегацияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Ок атууну токтотуп, аскерлерди чыгарып кетүү макулдашылды

Камчыбек Ташиев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айтты.

“Бул протокол эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет. Биздин жарандарыбыз оор күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Эки өлкө үчүн тең кайгы болду. Ишти жүргүзүү кыйынга турду, ага карабастан, биздин мамлекеттердин башчыларынын көрсөтмөлөрү боюнча ок атууну толугу менен токтотуп, бардык аскерлерибизди алардын туруктуу жайгаштырылган жерлерине алып кетүүнү чечтик. Мындан ары урматтуу коңшуларыбыздын аракеттери жана биздин аракеттерибиз менен биздин өлкөлөрдө, айрыкча чек ара аймактарында тынчтык жана бейпилдик орнойт”, - деди Ташиев.

«Трагедия эч качан кайталанбашы керек»

Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов чек арага жакын аймактарда орун алган окуя эч качан кайталанбашы керектигин белгиледи.

“Ал жерлерде биздин жарандарыбыз жашайт. Биз, саясатчылар бардык маселелерди чечип, өз жарандарыбызга достукта жана тынчтыкта жашоого мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Кыргыз-тажик жеринде тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүү боюнча принципиалдуу келишим жетишилди. Биз муну мүмкүн болушунча эртерээк чечебиз деп ишенем”, - деди ал.

Ош-Баткен-Исфана автожолу ачылды

Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусунан кийин Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Төрт-Көчө участогунан кайра жабылып калган Ош-Баткен-Исфана автожолу ачылды. 

Бишкек шаарында акция өттү

Бишкек шаарында өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселесин чечүүнү талап кылган акция өттү. Акцияна чыккандар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтырууну, чек ара маселесин тез арада чечүүнү талап кылышты. Мындан тышкары Баткен облусундагы чек араны коргоо үчүн аларга курал-жарак берүүгө бийликти чакырышты.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы акцияга чыккандардын курал берүү талабын аткаруу мүмкүн эместигин билдирди.

Учурдагы абал

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы 1-май күнү саат 22-00гө карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу экендигин билдирди.

 

 

 

 

 

Anahtar Kelimeler: кыргыз-тажик чек арасы,

Жаңылыктар