Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара боюнча макулдашууга жетишти

Кыргызстан жана Өзбекстандык тараптар узундугу 94,5 км келген кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү чегин сүрөттөө долбоорун макулдашты жана бекитти.

01 Eylül 2020 12:14

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын Ташкент шаарында өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Тараптар узундугу 94,5 км келген кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү чегин сүрөттөө долбоорун макулдашты жана бекитти. Ошондой эле макулдашылбаган 10 тилкенини бири макулдашылып жана бекитилди. Өкмөттүк делегациялардын биргелешкен кеңешмелери конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго: топографиялык жумушчу топтун жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын протоколуна кол коюлду. Тараптар коңшу элибизди тынчсыздандырган чек ара маселесин чечүү максатында жумушчу топтордун ишин активдештирүүнү макулдашты.

Жаңылыктар