Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда талаштуу жер калган жок

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев: Кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100% чечилди.

26 Mart 2021 22:02

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген Кыргызстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегация 24-25-мартта Өзбекстан менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүсүн Ташкентте өткөрүп келишти.

Бүгүн  Бишкектеги маалымат жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100% чечилгенин билдирди.

Ал өз сөзүндө делегациялар ортосундагы сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун баса белгиледи.

«Өзбек тарап жакшы шарттарды түзүп берди. Кыргыз тарапты атаандаш катары эмес, өнөктөш катары кабыл алышты. Өзбекстан менен чек ара көйгөйүн өз ара жер алмашуу ыкмасы менен чечтик. Жеңилген да жеңген да тарап болгон жок»,-деди ал.

Ташиев баса белгилегендей Протоколго кол коюлгандан кийин өзбек-кыргыз чек арасында эч кандай талаштуу жер калган жок.

Анын айтымында, Орто-Токой суу сактагычынын айрым жеринин эсебинен кыргыз тарапка бир катар тилкелер өттү.

Ташиев «Орто-Токой суу сактагычы кыргыз тарапта калды. Бирок анын үстүндөгү сууну 95% өзбектер колдонот. Анын 800 гектардай жердин 200гө жакын гектары буга чейин бизге компенцация катары берилген. Азыркы күндө 600гө жетпеген гектар жер калган. Анын эсебинен кыргыз тарапка Көк-Серек айылынын 105 гектары, Ала-Бука районундагы Баястан тилкесинин 212 гектары, Кара-Суу районундагы Ак-Таш тилкесинин 100 гектары, Үңкүр-Тоонун 35 гектары, Кара-Белес тилкесинин 25 гектар жери жазылды”, - деди.

Ташиев белгилегендей, Жалал-Абад облусундагы Габасай тилкесинин 8 миң гектар жери кыргыз тарапка жазылды.

Ошондой эле Сох анлавындагы Кайтпаc, Өтүкчү посттору ачылат. Посттон оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилбейт. 20 орунга чейинки кичи автобустар, жеңил машинелер өтө алат.

“Тараптар макулдашты. 2021-жылдын 1-апрелинен тартып Риштан-Кайтпас жана Өтүкчү -Тул чек ара бекеттери ачылат. Сохто эч кандай коридор жок”, -деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселесин кароодо мындан ары жер тилкелерин өткөрүп берүү болбой турганын, эми алмашуу гана болушу мүмкүн экенин айтты. Ташкентте өткөн делимитация жана демаркация боюнча комиссиянын отурумунун жыйынтыгында  кол коюлган протокол тийиштүү мекемелерде макулдашылып, президенттер кол койгондон кийин парламенттердин ратификациясынан өтүшү керек болот.

Кыргыз-өзбек чек арасы 1379 чакырымга созулат, алардын 200 чакырымы такталбай келген.

13-мартта президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун 11-12- марттагы Өзбекстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы жөнүндө маалымат таратып, чек ара көйгөйү 3 ай ичинде жөнгө салынаарын билдирген.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Өзбекстан, чек ара, Камчыбек Ташиев,

Жаңылыктар