300

Кыргызстан Орусиядан учкучсуз учактарды, С-300 үлгүсүндөгү зениттик ракеталарды алат

 Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек Кыргызстан Орусиядан учкучсуз учактарды, С-300 үлгүсүндөгү зениттик ракеталарды алаарын маалымдады.

26 Şubat 2021 18:04

Кыргызстан Орусиядан учкучсуз учактарды, С-300 үлгүсүндөгү зениттик ракеталарды алат. Мындай документке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 24-25-февралда Россияга жасаган иш сапарынын алкагында кол коюлду. Бул туралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Галина Байтерек маалымдады.

«Бул Орусиянын Кыргызстандын жана ЕАЭБ менен ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы чек арасынын коопсуздугун коргоого кошкон чоң салымы болот», - деп белгилеген Байтерек маалыматта.

 Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек Президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон алгачкы чет элдик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берди.

«Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына иш сапары бир топ иш-чаралар менен коштолуп, натыйжалуу болду. Андагы жолугушуулардын натыйжалары боюнча Президент иш сапардын алдында белгилеген максаттарга жетишилди.

Аларга Кыргызстан менен ЖККУ жана ЕАЭБдин тышкы чек араларынын коопсуздугун камсыздоонун алкагындагы өнөкөштүктү улантуу, экономикалык кызматташтыкты күчөтүү, анын ичинде жаңы инвестициялык долбоорлорду ачуу, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө биргелешкен күч-аракеттер, билим берүү, илим жана маданият жаатында кызматташуу, эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүү, газ жана күйүүчү майдын тарифтик саясаты кирет.

Соода-экономикалык кызматташуу, өнөр жай кооперациясы, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, энергетика жана башка тармактарда бир катар жогорку деңгээлде келишимдерге жетишилди.

Жаңылыктар