Кыргызстан: парламенттик шайлоо

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону кол менен эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы жарыяланды.

06 Aralık 2021 16:04

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону кол менен эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык 5 пайыздык босогону 6 партия ашып өттү.

Ата-Журт Кыргызстан” партиясы 17.31 пайыз добуш алып, парламентте 15 орунга ээ болду.

Эскерте кетсек, жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Бардык талапкерлерге каршы добуш эң көп берилген участоктордо шайлоо кайра өткөрүлөт.

Жаңылыктар