Кыргызстан: Шайлоо жана референдум күнү

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өтүүдө

11 Nisan 2021 11:18

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Шайлоо пандемия маалына туш келгендиктен  жугуштуу оорудан сактануу максатында санитардык талаптар каралып, беткап, антисептиктер таратылып, шайлоо участкаларына медицина кызматкерлери тартылды.

Президент Садыр Жапаров өлкө жарандарын референдумга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого активдүү катышууга чакырды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жубайы менен бирге бүгүн, 11-апрелде, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоору боюнча референдумга добуш берди.

Добуш бергенден кийин президент жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасап, анда Кыргызстанда 30 жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин Конституция көп жолу өзгөргөндүгүнө токтолду.

Садыр Жапаровдун баса белгилешинче, Конституциянын жаңы вариантын даярдоо процессине аксакалдар, академиктер, укук жаатындагы окумуштуулар катышып, Баш мыйзамдын долбоорунун мазмунун коомчулук менен ачык талкуулашты.

Мамлекет башчысы өлкө жарандарын референдумга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого активдүү катышууга чакырды.

«Ким кантип жана эмнеге добуш берет — бул анын жеке тандоосу, биз эч кимди мажбурлай албайбыз. Бизде ачык-айкын шайлоо процесси болушу керек», — деп билдирди президент Садыр Жапаров.

Жапаров борбор калаадагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Аталган шайлоо тилкесине Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын өкүлдөрү, анын ичинде Түркиялык депутат Режеп Шекер көз салды.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, шайлоо, референдум,

Жаңылыктар