Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдар кеңешинин жыйынын Казакстанда өткөрүүнү сунуштады

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдар кеңешинин жыйынын Казакстанда өткөрүүнү сунуштады

11 Ocak 2022 22:32

2022-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) тышкы иштер министрлеринин (ТИМ) кеӊешинин Казакстандагы кырдаал боюнча кезексиз жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун алкагында тараптар казак тарабына кагылышуу учурунда орун алган адам курмандыктарына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтышты жана жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалашты. Ɵзгөчө акцент Казакстан, боордош түрк мамлекет, Түрк мамлекеттер уюмунун негиздөөчүсүнүн бири жана бул жолугушуунун негизги максаты казак тарап менен тилектештикти билдирүү экендигине коюлду.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри өз сөзүндө Кыргызстан 2022-жылдын биринчи күндөрүнөн бери коңшу Казакстандагы акыркы окуяларга кабатырлануу менен байкоо салып келгенин билдирди. Кыргыз Республикасы терроризмдин бардык формаларына жана көрүнүштөрүнө каршы. Казакстан Республикасында абал турукташуусуна жана тынчтык менен тартип орношуна чын пейилден кызыкдар.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри жакынкы аралыкта Казакстан Республикасында Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Р.Казакбаев бүткүл кыргыз эли казак боордошторго ушул оор күндөрдө терең кайгыруу менен көңүл айтып, элдин бакубаттуулугу үчүн кырдаалдын эртерээк жөнгө салынышын кааларын баса белгиледи. Элдерибиздин байыртадан бери келе жаткан туугандык байланышына таянып, өлкө ичинде эле эмес, чет өлкөлөрдө да Кыргызстандын көптөгөн жарандары кырдаалга аяр мамиле жасап, четте турбай жатканына канааттанганын билдирди. Жолугушуунун катышуучуларына кыргыз эли казак боордошторун Бишкек аэропортунан тосуп алып, авто ыктыярчы катары чек арага жеткирип жаткандыгы жөнүндө маалымдады.

 

 

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Кыргызстан,

Жаңылыктар