Кыргызстан Түркия менен маданият жаатындагы кызматтыштыкты өнүктүрөт

Кыргыз тилинде жазылган драмтургиялык чыгармалар Түркияда, түрк тилинде жазылган чыгармалар Кыргызстанда сахнага коюлат.

13 Nisan 2021 16:59

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Анкара шаарында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен жолукту. Жабык эшик артында өткөн жолугушууга Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Кыргызстандын маданият министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан менен Түркия ортосундагы маданий жана коомдук кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасалды.

Ошондой эле IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу иштериндеги маселелер кеңири талкууланды.

Тараптар кыргыз тилинде жазылган драмтургиялык чыгармаларды Түркияда, ал эми түрк тилинде жазылган чыгармаларды Кыргызстанда сахнага коюу боюнча макулдашууга жетишти.

Мындан сырткары Түркиялык белгилүү инсандар Кыргызстанда танытыла турган болду.

Ошол эле учурда Түрк кеңеши жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюму алкагындагы өз ара кызматташууну кеңейтүүгө басым жасалды.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Түркия, маданият,

Жаңылыктар