1

Кыргызстан-Түркия: соода жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүү аракети көрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев: Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүнү $507 млндон 1 млрд. долларга чейин жеткирүүнү көздөөдө.

13 Mayıs 2021 15:25

 

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын утурлай Aнадолу Aгенттигинин кабарчысы менен маектешти.

Ал Кыргызстанда демократиялык реформаларды жайылтууга, мыйзамдуулукту чыңдоого, адам укуктарын коргоого жана алга жылдырууга багытталган бир катар иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

«Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин толугу менен сактап, буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди так аткарууда»-деди ал.

Өз кезегинде кыргыз-түрк кызматташтыгына токтолуп, эки эл түбү бир түбөлүктүү элдер экендигин баса белгиледи.

«Белгилүү болгондой Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы  ортосундагы дипломатиялык мамиле 1991-жылдын 24-декабрында түзүлгөн. Быйыл Кыргызстан менен Түркиянын дипломатиялык алакасына 30 жыл толот. Түркия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган алгачкы өлкө. Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги 1992-жылдын апрель айында, ал эми Кыргыз Республикасынын Түркия Републикасындагы элчилиги ошол эле жылдын  октябрь айында ачылган»,- деп белгиледи ал.

Өмүралиев баса белгилегендей, Кыргызстан менен Түркия ортосунда 1997, 1999 жана 2011-жылдары үч манилүү келишим түзүлгөн. Кыргызстан менен Түркия ортосундагы кызматташтык жогорку стратегиялык макамга ээ. Учурда кыргыз-түрк алакалары интенсивдүү жана динамикалуу өнүгүүдө.

Кыргызстан-Түркия: соода жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүү аракети көрүлүүдө

Өмүралиев белгилегендей Түркия Кыргызстандын тышкы соодадагы алдыңкы 5 өнөктөшүнүн бири. Өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү, пандемияга карабастан азайган эмес. Ал 507 млн. долларды түзгөн. Тараптар аны 1 млрд. долларга жеткирүүнү пландоодо.

Кыргызстан Түркияга негизинен төө буурчак, пахта жана пахтадан токулган кездемелерди, булгаары, баалуу таштар, алтын жана күмүштөн жасалган зер буюмдар жана минералдык отун экспорттойт. Ал эми Түркиядан жеңил өнөр жай продукцияларын, химиялык заттарды, пластмассаларды, машина жасоочу өндүрүштөрдү, чийки айыл-чарба заттарын жана эмеректерди импорттойт.

Кыргызстан бир тууган Түркия менен айыл чарба, текстиль, тоо-кен, гидроэлектр жана башка өз ара пайдалуу тармактарда биргелешкен өнөр жай ишканаларын түзүүгө кызыкдар.

Өмүралиев белгилегендей Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилиги Кыргызстан менен Түркия ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана инвестицияларды көбөйтүү максатында Түркиянын ар кыл облустарындагы Соода-өнөр жай палаталары, өнөр-жай зоналарынын лидерлери жана ишкерлери менен жолугушуп, Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөр менен тааныштырып келет. Андан сырткары элчиликтин интернет баракчасында, түрк жана англис тилдеринде, Кыргызстандагы инвестиция жана туризм мүмкүнчүлүктөрү  жөнүндө маалымат камтылган. Ошондой эле Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин баракчасынан долбоорлор жана инвестициялык карта боюнча маалымат алууга болот.

Өмүралиев Түркия менен Кыргызстан ортосунда «кош салык салуунун алдын алуу, өз ара инвестицияны алдыга жылдыруу жана коргоо» келишими бар экендигин белгилеп, түрк инвесторлорду Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга жана бизнес жүргүзүүгө чакырды.

«Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жаңы инвестициялык мыйзам долбоолору иштелип чыгууда. Аталган мыйзам долбоорлор инвесторлордун укугун коргоого, ошондой эле мамлекеттин колдоосу менен инвестициялык иш-аракеттерди жандандырууга багытталган»,-деди ал.

Билим берүү тармагы

Кыргызстан - Түркия билим берүү жаатында олуттуу кызматташып келет. 1992-2012-жылдары Кыргызстандык 3000ден ашык студент Түркияда жогорку билим алган.

Ал эми Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» Университети жана Түркиянын маариф фонду алгылыктуу иштерди алып барууда.

Учурда 1972 Кыргызстандык студент Түркиядагы жогорку окуу жайларда окуп жатса, Түркиялык 490 студент Кыргызстандагы университеттерден билим алууда.

Кыргыз-түрк «достук» ооруканасы

Өмүралиев пандемия маалында эки тараптуу байланыштар дагы бир топ жакшырганын билдирди. Түркия Кыргызстанга медициналык жардам жөнөтүп, пандемия маалында кыргыз-түрк «достук» ооруканасы инфекциялык оорукана катары ачылып, бейтаптарга кызмат көрсөткөнүн белгиледи.

Эки тарап тең оорукананы ачуу боюнча келишимди ратификациялаганын, жакында оорукана толук иштей баштаарын айтты.

Эпидемиянын башталышында 3200дөн ашуун кыргыз жараны өлкөгө жөнөтүлдү

Өмүралиев элчиликтин пандемия маалындагы иш-аракеттери боюнча маалымат берип жатып, эпидемиянын башталышында Түркияда жана башка өлкөлөрдө жашаган 3200дөн ашуун Кыргызстандын жараны Түркия аркылуу өлкөгө жөнөтүлгөнүн билдирди.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Түркия,

Жаңылыктар