Кыргызстан: Талас облусунда Жерүй кениндеги Талас алтын комбинаты ишке киргизилди 

Талас облусунда Жерүй кенинин рудасынан алтын алынуучу Талас алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылыш аземи болду.

17 Mart 2021 23:01

17-мартта, Талас облусунда Жерүй кениндеги Талас алтын комбинаты ишке киргизилди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана телекөпүрө аркылуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин катышты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоордун башталышы өлкөлөрдүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүсү боло аларын белгиледи.

Ошондой эле ал эки маанилүү учурга — ишкана менен жергиликтүү калктын ортосундагы ар тараптуу диалогду мындан ары күчөтүү жана кенди иштетүүдө бардык экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына токтолду.

Садыр Жапаров Кыргызстан тоо-кен тармагынын потенциалын жогорулатууга жана бүтүндөй өлкө экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон ушул сыяктуу долбоорлорду мындан ары дагы колдойт деп ишендирди.

«Бүгүнкү күндө Жерүй Россиянын мамлекеттик банкынын катышуусу менен ишке ашып жаткан өлкөдөгү эң ири инвестициялык долбоор болуп эсептелет.

Биздин биргелешип жасаган ишибиз Кыргызстандын экономикасына дагы башка ири инвестицияларды тартуу үчүн өлкөнүн беделине оң таасирин тийгизип, Жерүй долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу республиканын инвестициялык потенциалын өнүктүрүүгө чоң түрткү болот деп ишенемин» -, деди Жапаров.

Ошондой эле, Жерүй долбоорун өнүктүрүүгө өз салымын кошкондорго жана кошуп жаткандарга, атап айтканда, “Альянс” тобунун президенти Муса Юсупович Бажаевге, өз оюн ишеними жана чечкиндүүлүгү менен ишке ашырганы жана эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого салым кошкону үчүн ыраазычылык билдирди.

Путин: Инвестициясынын жалпы көлөмү болжол менен 610 миллион долларды түзөт

Өз кезегинде Президент Владимир Путин Таластагы алтын кен комбинатынын иштеп башташы кыргыз-орус экономикалык кызматташтыгын жана өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк, союздаштык мамилелерди чыңдоо үчүн маанилүү экендигин баса белгилеп, бул боюнча Садыр Жапаровдун сөзүнө толук кошуларын айтты.

Анын айтымында, россиялык инвесторлор атайы фондусун негиздөө менен Талас облусунун социалдык өнүгүүсүнө каржылык жардам көрсөтүүнү максат кылышкан. Каражаттар социалдык долбоорлорду жана бизнести жеңилдетилген насыялоону колдоого жумшалат. Ошону менен ал Талас облусуна жана бүтүндөй мамлекетке олуттуу пайда алып келип, Кыргызстандын бюджетине жылына 70 миллион долларга жакын каражат түшөрүн кошумчалады.

Иш башталгандан тартып, долбоорго тартылган кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 1000 адамды түзөт. Бул кызматкерлердин дээрлик бардыгы Кыргыз Республикасынын жарандары жана жергиликтүү тургундар.

Алтын чыгаруучу фабриканын иштөө кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Бардык казылып алынган руда бул фабрикада кайра иштетилип, андан кийин өлкөнүн аймагында тазаланат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыктуу укукка ээ болот.

Үч этап боюнча жалпы белгиленген убакыт ичинде долбоордун инвестициясынын жалпы көлөмү болжол менен 610 миллион долларды түзөрү маалымдалды.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Садыр Жапаров, Владимир Путин, Талас, Жерүй кени,

Жаңылыктар