Кыргызстан- Венгрия кызматташтыгы

Кыргызстан жана Венгрия 50 млн доллар капиталы менен бирдиктүү өнүктүрүү фондун түзүүгө кол коюшту

08 Nisan 2021 22:51

8-апрелде Бишкекке Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тар жана кеңейтилген форматта Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийарто менен жолугушту.

Жолугушуу алкагында билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, маданият, экономика, дипломатия, саясат жана геология жаатында кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле, БУУ, ЕБ, ТМКК алкагында тыгыз кызматташтык тууралуу келишимге жетишилди. Андан сырткары Будапешт – Бишкек түз аба каттамын ачуу жаатында макулдашууга жетишилди.

Жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Венгрия Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу келишимге кол коюшту.

Документке кол коюу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун расмий иш сапары менен Бишкекке келүүсүнүн алкагында өттү.

“Бүгүн штаб-квартирасы Бишкекте жайгашкан алгачкы капиталы 50 млн долларды түзгөн Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу келишимге кол коюлду. Анын ичинен 16 млн доллары бүгүн, ал эми калган 34 млн доллары жылдын аягына чейин берилет. Аталган фонддун алкагында Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болгон инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат”,-деди КР ТИМ башчысы Руслан Казакбаев.

ТИМ башчысы аталган фонд айыл чарба, туризм, энергетика жаатында алгылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга инвестиция тартууда уникалдуу аянтча болот деген ишенимин билдирди.

Өлкөгө расмий иш сапары менен келген Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртону Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кабыл алды.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана аны андан ары арттыруу чаралары боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров Европа Биримдигиндеги Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон Венгрия менен мамилелерди жогору баалады.

Ал эми Петер Сийярто Венгрияны Кыргызстандын Европадагы ишенимдүү досу экендигин тастыктап, 11 жыл мурун өз өлкөсү тышкы саясатын мындай стратегиянын алкагында негизги аймак деп эсептелген Чыгышка жана Борбор Азияга карай кеңейте баштаганын баса белгиледи.

 

 

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Венгрия,

Жаңылыктар