Кыргызстан: «Ысык-Көл тамыры» коронавируска каршы дарылоодо колдонула баштады

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Ысык-Көл тамыры» аталышындагы чөптүн кайнатмасы Республика боюнча бардык ооруканаларда коронавируска кабылгандарга берилип жатканын билдирди.

17 Nisan 2021 00:48

Саламаттык жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска чалдыгып, ооруканада жаткандарга «Ысык-Көл тамыры» деп аталган чөптүн тундурмасы берилип жатканын кабарлады. Анын маалымытына караганда «Ысык-Көл тамыры» бардык орулууларга эмес, ыктыярчыларга гана берилип жатат.

Министр «Ысык-Көл тамыры» деп аталган уу коргошун жарандарга оң таасир тийгизип жатканын белгиледи.

«Азыркы кезде коронавирус менен ооруган 300дөй адам айыкты. Алгач Токмокто, Бишкекте башталган. Учурда ар бир дарыгер кепилдик алып өздөрү берип жатат. Бүгүнкү күндө клиникалык сыноо жүрүүдө», - деп белгиледи.

Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы “Ысык-Көл тамыры" аталышындагы уу коргошунду  түз эфир учурунда биринчилердин болуп ичти.

Министрдин бул билдирүүсү жана дарылоо ыкмасы коомчулукту таң калтырып, жаңы талаш-тартыштарды жаратты.

Рецеби президент Садыр Жапаровго таандык

Бейшеналиевдин маалытына караганда «Ысык-Көл тамыры» деп аталган чөптүн тундурмасын президент Садыр Жапаров атасынан үйрөнгөн ыкмага таянып жасап жатат.

«Кыргыздар кылымдардан бери уу коргошун менен бир топ ооруну дарылап келген. Президентибиз бул чөптөн дары жасаганды атасы Нуркожодон үйрөнүптүр. Ал кандай тамырды канча сууга кошуш керектигин өзү көрсөтүп кайнатууда. Мен дагы Садыр Нуркожоевичти күнүгө бир саатка келип үйрөтүп кетиңиз деп суранып жатам. Азыр аны менен кеңешип жасап жатабыз», — деди министр.

Ал ошол эле учурда аталган чөптүн кайнатмасы өлкөнүн бардык аймактарына берилип жатканын айтып, аны үй шартында колдонбоону сунуштады.
«Уу коргошунду дарыгердин жанында, кайнак бойдон гана ичиш керек Аны муздак кылып ичсе, адам беш мүнөткө жетпей өлөт»,-деди ал.
Саламаттык сактоо министри кимдир бирөө ооруканада уу коргошундан каза болсо жоопкерчилик алууга даярдыгын, ал эми өз алдынча ичкендерге жооп бербей турганын билдирди.

Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, «Ысык-Көл тамыры», коронавирус,

Жаңылыктар