Кыргызстан жана Греция Түркиядан келгендерден ПЧР-тест талап кылбайт

Түркиядан Кыргызстанга кирүүдө ПЧР-тест жана сертификат талап кылынбайт.

03 Mayıs 2022 11:50

Кыргызстанга жана Грецияда кирүүдө ПЧР-тест жана COVID-19га эмдөө жөнүндө сертификат талап кылынбайт. 

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, УКМКнын Чек ара кызматы, КР ТКМ, КР ТИМ, КР ММСЖСМ жана «Манас» Эл аралык аэропорту ААК ортосунда биргелешкен тиешелүү буйрукка кол коюлду. 

Ага ылайык КР жарандары жана чет өлкөлүк жарандар Кыргызстан менен мамлекеттик чек арадан ПЧР-тестти жана COVID-19га эмдөө жөнүндө сертификатты милдеттүү түрдө көрсөтпөстөн өтө алышат.

 

Жаңылыктар