Кыргызстан

Кыргызстанда коронавирусту жуктурган жаңы учур 100дөн аз

31 Ağustos 2020 12:17

Кыргызстанда коронавирусту жуктурган жаңы учур 100дөн аз.

Кыргызстанда 31-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 78 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Штабдын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 43 миң 898 адамга жетти.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери 38459 бейтап айыгып чыкты.

Акыркы суткада көз жумгандар катталган жок. Жалпы 1059 бейтап көз жумду. 

Штабдан билдиришкендей, ооруканаларда 715 жана үй шартында 4 миң 818 адам дарыланууда.

Жаңылыктар