1-2

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 1-2-май күндөрү Кыргыз Республикасында жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.

01 Mayıs 2021 10:02

Президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында да көптөгөн курмандыктар жана жаракат алгандар болгону айтылат. Жапаров курман болгондордун жакындарына, туугандарына көңүл айтуу менен 2021-жылдын 1 жана 2-майын «улуттук аза күтүү күндөрү» деп жарыялаган.

Жарлыкка ылайык, бул күндөрү өлкө боюнча, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлөт.

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, атышуу болгон. Акыркы маалыматтарга караганда, жараат алган кыргызстандыктардын саны 134, каза болгондор 31 киши.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинде 21 үй, 10 май куюучу бекет, 1 мектеп, 2 ресторан, 8 дүкөн,1 чек ара  заставасы жана 1 өрт куткаруу бөлүк өрттөндү.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, улуттук аза күтүү күнү,

Жаңылыктар