15

Кыргызстанда «15-Июль: Демократия жана улуттук биримдик күнү” белгиленди

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «15-Июль: Демократия жана улуттук биримдик күнүнө» арналган иш-чара өттү.

17 Temmuz 2021 13:45

Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун Касым Тыныстанов атындагы конференция залында өткөн иш-чарага, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, КТМУнун ректору проф. др. Алпаслан Жейлан, академиктер, интеллигенциянын өкүлдөрү, студенттер, ишкерлер жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышты.

Алгач курмандыктардын урматына бир мүнөттүк эскерүү болду. Андан соң эки өлкөнүн улуттук гимни аткарылды.

КТМУнун башкы катчысы Октай Өзгүл Түркия Республиксынын Президенттик аппаратынын Байланыш башкармалыгын жетекчиси Фахреттин Алтундун телеграммасын окуп берди.

Катышуучуларга 15-июлдагы окуяларды чагылдырган видео-ролик көрсөтүлдү.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган ФЕТӨнү «жаңы муундагы террордук уюм» деп сыпаттады. «Билим берүү жана кайрымдуулук иштери менен алектенээрин жарыялаганы менен коомдук кыймыл эмес, саясий жана экономикалык жактары караңгы»,-деди ал.

Өз кезегинде бир катар өлкөлөр жана эл аралык уюмдар ФЕТӨнү террордук уюм деп тааныганын айтып, кезек Кыргызстанга келгенин айтты.

КТМУнун ректору проф. др. Алпаслан Жейлан улуттук биримдикке жана ынтымакка басым жасады.

Иш-чара алкагында Абдулкерим Сатык Бугра Хан мечитинде шейиттерге багышталып куран окулду.

Anahtar Kelimeler: 15-Июль: Демократия жана улуттук биримдик күнү,

Жаңылыктар