19

Кыргызстанда 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы белгиленди

Кыргызстандын ордо калаасы Бишкекте Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы белгиленди.

21 Mayıs 2021 12:57

Кыргызстандын ордо калаасы Бишкектеги «Анадолу» Кыргыз-Түрк кесиптик кыздар лицейининде 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына арналган салтанатуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара Кыргызстандын жана Түркиянын улуттук гимндеринин аткарылышы менен башталды. Мектеп окуучулары ырларды көркөм окуп, элдик ыр-бийлерди аткарып беришти. Ошондой эле салттуу кийимдердин көргөзмөсү өттү.  

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган катышуучуларды майрамы менен куттуктады. Ататүрк баш болгон Улуттук боштондук күрөшүнүн ардактуу баатырларынын элеси эч качан унутулбаарын баса белгиледи.

«Түркиянын келечеги түбөлүктүү. Түрк эли түбөлүк эркин жашайт»,- деди ал.

Өз кезегинде лицейдин мугалимдери жана анда билим алып жаткан окуучулар менен сыймыктанаарын баса белгиледи.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Билим берүү боюнча кеңешчиси Харун Каржы улуттук боштондук күрөшү 19-майда башталганын эскертти.  Бүгүнкү күнү Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынынын 102 жылдыгы белгиленип жаткандыгын айтты.

Ал эми Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Атынч Кескин 19-май түрк эли үчүн чоң бурулуш экенин айтты. Өз кезегинде түрк элин майрамы менен куттуктады.

Anahtar Kelimeler: 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы, Кыргызстан,

Жаңылыктар