2022

Кыргызстанда 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды

Президент Садыр Жапаров «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

03 Şubat 2022 13:39

Президент Садыр Жапаров «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жарлыкка климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө максатында кол коюлган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 2022-жылдын 1-мартына чейин Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошкон.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан,

Жаңылыктар