238

Кыргызстанда 238 киши мунапыс алды

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда жарыялаган мунапыстын негизинде 238 киши абактан чыкты.

24 Kasım 2020 13:59

Садыр Жапаров, жергиликтүү канал менен маектешип, өлкөдөгү саясий, экономикалык кырдаал, жаңы сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору жана бир ай мурда жарыяланган экономикалык мунапыс боюнча суроолорго жооп берди.

Жапаров абакта эч кандай күнөөсү жок эле отуруп калган адамдар көп экенин баса белгилеп, бүгүнкү күнгө чейин 238 киши мунапыс алганын билдирди.

«Мен миңге жакын адам чыгат болуш керек деп ойлодум эле. Өзүнүздөр билгендей 1 ай 10 күн толук кандуу иштедим. Кудай буюруп кайра шайланып калсам, бардыгын ирээтке келтиребиз. Буга чейин коңшу мамлекеттердин президенттери да амнистия жарыялап келген. Бул трагедия эмес. Албетте сын-пикирлер болот. Бирок  биз бул ишти улантабыз»,-деди ал.

Ошондой эле Жапаров Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы өзүнүн сунуштарын түшүндүрүп берди. Ал, өкмөт менен президентти бириктирип, бир эле аппарат болсун деген көз карашты карманаарын жана  саясий кысымдан алыс болуп, демократияны колдой тургандыгын баса белгиледи.

Ал эми «кылмыштык топтор менен байланышыңыз барбы» деген суроого, «Мен 1050 киши менен түрмөдө отурдум. Алардын ичинен 50 туткундун гана кылмыштык топтор менен байланышы бар эле. Менин алар менен эч кандай байланышым жок»,-деп жооп берди.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы башаламандыкка айланып, митингчилер президент жана Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Жыйынтыгында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.  Садыр Жапаров абактан чыгарылып, премьер-министр болуп шайланган.

Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернаторун барымтага алган» деген айыптын негизинде 11 жыл, алты айга кесилген. 3,5 жыл абакта отурган.

Он күн мурда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөндүгүнө байланыштуу Садыр Жапаров өлкө Президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын өткөрүп берген.

 

Жаңылыктар