3-7-3

Кыргызстанда 3 айда өнөр-жай өндүрүшү 7,3 пайызга өстү

Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү январь-март айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,3 пайызга өстү.

14 Nisan 2022 12:07

2022-жылдын январь-март айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 80 млрд сомдон ашуун болуп, өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 7,3%га өстү.

Өсүш мунай продукцияларын өндүрүүнүн 31,8%га, жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин 25,5%га, фармацевтика продукциясынын 21,3%га, негизги металлдарды жана машиналарды кошпогондо даяр металл буюмдарын жана жабдуулар - 20,3%га, тамак-аш азыктары (анын ичинде ичимдиктер) жана тамеки буюмдары - 14,1%ке, текстиль өндүрүшү, кийим-кече, бут кийим жана булгаары буюмдарын өндүрүү - 5,8%га, ошондой эле тоо-кен өндүрүшүндө - 0,3%га көп өндүрүү менен шартталган.

 

Жаңылыктар