4-16

Кыргызстанда 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоодо 16 партия ат салыша турган болду

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 9-сентябрдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан көрсөтүлгөн КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо чечимин кабыл алды.

11 Eylül 2020 21:31

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 9-сентябрдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан көрсөтүлгөн КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо чечимин кабыл алды. Ушуну менен 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоодо 16 партия ат салыша турган болду. 

Эске салсак, КР БШК 2020-жылдын 3-сентябрында  “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө” чечим кабыл алган. 2020-жылдын 9-сентябрындагы Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечими менен, КР БШК 2020-жылдын 3-сентябрында  “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө” чечими мыйзамсыз деп таанылып ал жокко чыгарылган.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 3-октябрда жыйынтыкталат.

Жаңылыктар