4

Кыргызстанда 4-октябрында парламенттик шайлоо өтөт

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо өтүп, эл Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын тандайт.

02 Ekim 2020 22:08

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо өтүп, эл Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын тандайт. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Шайлоого биометрикалык каттоодон өткөн   3 миллион 523 миң 532 жаран добуш берет. Добуш берүү үчүн 2474 тилке даярдалды. 

Шайлоо күнү добуш берүү саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт. 

Быйылкы парламенттик шайлоого 16 саясий партия катышууда:

1. «Ата-Мекен»
2. «Бир-Бол»
3. «Биримдик»
4. «Замандаш»
5. «Кыргызстан»
6. «Мекеним Кыргызстан»
7. «Мекеним Ынтымагы»
8. «Мекенчил»
9. «Ордо»
10. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»
11. «Республика»
12. «Реформа»
13. «Социал-Демократтар»
14. «Чоң Казат»
15. «Ыйман Нуру».
16. «Бүтүн Кыргызстан».

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматына караганда  депутаттыкка талапкерлердин жалпы саны 1912. Алардын 1294ү эркектер, 618и аялдар. 

Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болгондордун көбү парламентке келүүгө ниет кылууда. Aзыркы  120 өкүлдүн 91и кайрадан парламенттик шайлоого аттанды. Алардын көпчүлүк бөлүгү кайра эле депутат болуп шайланышы мүмкүн. 

 Парламенттик шайлоодо жеңишке жетиш үчүн партиялар 7  облуста, Бишкек жана Ош шаарларында 7 пайыздык босого чекти ашып, 142 миңден кем эмес добуш топтошу керек.

2010-жылы кабыл алынган конституцияга ылайык, президент парламентте көпчүлүктү түзгөн партияга өкмөттү түзүү укугун берет.

2-октябрдан 3-октябрга караган түнү Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүт иштери токтоп, «жымжырттык күнү» келди. Бул күнү шайлоо жарышына түшкөн партиялардын кандайдыр бир үгүт иштерине тыюу салынат.

Ошондой эле үгүт иштерин жүргүзүү үчүн БШКдан аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар да үгүт материалдарын чыгара албайт.

Жаңылыктар