Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленди

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады.

05 Mart 2022 16:19

Бишкекте Ак калпак күнү белгиленди. Анын алкагында жөө жүрүш, флешмоб (калпак бий), “Кыргыздардын салттуу кийими” үй-бүлөлүк кийим топтомунун көргөзмөсү жана элечек ороо, калпак жасоо, сайма саюу боюнча мастер класстар өтүп, атайын концерттик программа менен коштолду.

Иш-чаранын мазмууну улуттук кийимибиздин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана башка улуттарга жайылтуу болуп саналат.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады.

"Кыргызстан эли муундан-муунга өтүүчү тарыхый жана маданий мураска өтө бай. Ал улуттун руханий, экономикалык жана социалдык кенчи болуп саналат.

Ата-бабаларыбыз эзелтен маданий мурасыбызга аяр мамиле кылып, кастарлап сыйлап келишкен. Элибиздин баш кийимге болгон мамилеси бүгүн да өзгөчө. Анын ысык-суукка бирдей кызмат кылган кийизден жасалышына, калпакка түшүрүлгөн оймо-чиймелердин философиялык маанисине, жаш курагына жараша кыргактарынын ар кандай түстө болушуна да көңүл бурушкандыгынын өзү эле кыргыз элинин улуулугунун далили десек жаңылышпайбыз.

Ар дайым аскар зоолуу, бийик Ала-Тоону туюнткан ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн!",- деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Эскерте кетсек, Ак калпак күнүн белгилөө идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган. Демилге эл тарабынан колдоого алынып, ошондон бери Кыргызстандын булуң-бурчтарында жана чет өлкөдө жашаган кыргыздар тарабынан белгиленип келе жатат.

Калпак – бул эркектердин салттуу баш кийимдеринин ичинен башкысы болуп саналат. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли баш кийимди ыйык санап келет. Манас бабанын мезгилинен бери анын формасы өзгөргөн эмес жана көп кырдуу мааниге ээ болуп, Ала-Тоонун ак карлуу чокуларын, кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн аруулугун жана кооздугун чагылдырып турат.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Ак калпак күнү,

Жаңылыктар