Кыргызстанда алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө

Кыргызстандын Ош шаарында алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө

23 Mayıs 2022 13:51

21-23-май аралыгында Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадионунда өтүп жаткан чемпионатка 14 өлкөдөн: Афганистан, Индия, Индонезия, Иран, Казакстан, Түштүк Корея, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Филиппин жана Япониядан жалпы 300 спортчу катышууда.

Мелдештин биринчи күнүндө 12 салмакта алыш күрөштүн классикалык түрү боюнча кармашуулар өттү. 

Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоо жүрөт.

Жаңылыктар