Кыргызстанда айрым кызматкерлер кызмат орундарына кайтууда

Бишкек жана Ош шаарларынын калаа башчылары кызмат орундарына кайтып келди.

09 Ekim 2020 13:16

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев актуалдуу маселелердин жыйындысын талкуулоо боюнча мамлекеттик орган жетекчилери менен кеңешме жыйын өткөрдү. Анда бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, жыйын жүрүшүндө өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга карабастан, коронавирус инфекциясы пандемиясы күч алып жатканы белгиленди.

Асрандиев өз кезегинде «Бул оор мезгилде бардык мамлекеттик органдар жарандардын турмушун өз нугунда улантуусун камсыз кылуу үчүн жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча өз ишин күчөтүшү керек», - деди.

Ал арада Кыргыз Республикасынын Жогорку соту имаратты ыктыярдуу элдик кошуун жана кызматкерер коргоп турганын, натыйжада сот өкүлдөрү өзүнүн ишин улантып жатканын маалымдады.

Ордо калаа Бишкек шаарында 3 күндөн кийин патрулдук милиция иштей баштады.

Бишкек жана Ош шаарларынын калаа башчылары кызмат орундарына кайтып келди. Алар,  6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын ээлеп алышкандан кийин кызматын тапшырганы айтылган.

8-октябрда Ош шаарында Сооронбай Жээнбековду колдогон митинг өттү.

Өлкөдө коомдук-саясий кризис өкүм сүрүп жатат

6-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тапшырган.  Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Бир Бол партиясынан Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров сунушталган.

Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүнө каршы «Реформа», «Ата Мекен», «Ыман нуру» баштаган саясий партиясынын өкүлдөрү баштаган топтор Ала-Тоо аянтына митингге чыгышып, альтернативалуу өкмөт башчы катары «Ата Мекен» саясий партиясынын талапкери Тилек Токтогазиевди сунуштаган.

Өлкөдө азыр коомдук-саясий кризис өкүм сүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасап, азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, Өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди.

Жаңылыктар