Кыргызстанда айт намазы мечиттерде окулду

Айт намазы өлкөнүн бардык мечиттеринде санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

13 Mayıs 2021 12:00

Ош шаарындагы жалпы жума окулуучу мечиттерде айт намазы санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

Муфтияттан кабарлашкандай, элдин көпчүлүк бөлүгү “Сулайман-Тоо” мечитине келип, айт намазын окуду.

Мечиттин айланасы кенен болгондуктан, келген элдин көпчүлүгү сыртта, таза абада намаз окушту. Ал эми мечиттин ичиндеги жамаат аралыкты сакташты.

Айт намазга келген элге Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев баяндама жасашып, элди ынтымакка, биримдикке чакырды.

“Сулайман-Тоо” мечитинде окулган айт намазга Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, Диний кызмат боюнча кеңешчи Мүрсел Өзтүрк, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкектеги координатору Осман Уста жана Ахыска түрктөрү бирикмесинин президенти Атамша Дурсунов катышты. Буга чейин алар Баткен шаарында болуп, абал менен таанышып кайтышкан.

Ал эми Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы башкы мечитте миңдеген шаар тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Орозо айт намазы эпидемиологиялык абалдан улам аралыкты сактоо менен окулду.

Өлкө президенти Садыр Жапаров, кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

 

Anahtar Kelimeler: орозо айт намазы, Кыргызстан,

Жаңылыктар