Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленди

1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү коомдун активдүү айымдары чогулуп, өз ара пикир алмашты.

01 Şubat 2022 18:52

Умма ислам журналы Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы чоң концерттик залда бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө арналган иш-чара уюштурду. 

Иш-чарага түрдүү курак, кесиптеги жана ар кыл ишеним, көз караштагы апалар, эже-сиңдилер чакырылган. Алардын арасында ишкер, укук коргоочу, окутуучу, дизайнер, журналисттер катышты.

Иш-чарада жоолуктун коомдогу орду талкууланып, ар тараптан талдоого алынды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстанда жашаган этникалык топтордун улуттук баш кийимдеринин мода көргөзмөсү өттү. Келген конокторго элечекти кийүү ыкмасы көрсөтүлдү.

Жолугушууну алгач “Умма” ислам журналынын редактору Элиана-Марьям Сатарова ачып, жоолук күнүнүн мазмунуна учкай токтолду. Бул күн Кыргызстанда 2016-жылдан бери белгиленип келе жатканын маалымдады.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, жоолук күнү,

Жаңылыктар