Кыргызстанда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган бир катар иш-чаралар өттү

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкекте салтанаттуу иш-чаралар өттү.

01 Haziran 2022 23:45

Майрам «Наристе» II эл аралык балдардын фольклордук фестивалынын алкагында уюштурулган параддык жүрүш менен башталды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келишкен 3 миңден ашык бала катышты.

Андан соң Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда «Наристе» фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө балдарды бүгүнкү майрамы жана балдардын чыгармачылык жолунда маанилүү кадамы боло турган фестивалдын башталышы менен куттуктады.

Президент комузчулар ансамблинин өнөрүн угуп, көркөм сүрөт жана сүрөт көргөзмөсү менен таанышты, борбор калаанын Эмен багындагы көргөзмө аянтчаларында болду, анда балдардын чыгармачыл жамааттарынын эмгектери коюлган.

Ошондой эле майрамдын урматына медициналык кызматкерлер кичинекей бөбөктөр үчүн флешмоб, сүрөт сынактарын, концерттик программаларды жана лекцияларды уюштуруп, балдарга белектер жана балмуздак таратылды.

Андан сырткары бүгүн, 1-июнда реконструкциядан өткөн Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинин расмий ачылышы болду. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

Белгилей кетсек, комплекс өлкөнүн алыскы аймактарынан келген балдардын жана энелердин, жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ден соолугун калыбына келтирүү жана чыңдоого ылайыкталган.

Жаңылыктар