Кыргызстанда баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы жүрүш өттү

Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандар Бишкек шаарында акцияга чыгышты.

23 Kasım 2020 13:50

Бишкекте 22-ноябрда жарандык активисттер уюштурган "Баш мыйзам үчүн!" деп аталган жүрүш өттү. Акцияга 500дөй адам катышты.

Акцияга  “Реформа” жана «Ата Журт» партиясынын өкүлдөрү,  президенттике талапкер Каныбек Иманалиев жана айрым саясатчылар келишти.  

Акцияга чыккандар, Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин айтып, «Хандыкка жол жок!», «Баш мыйзам өзгөртүлбөсүн!» деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп жүрүштү.

Саясатчы, мурдагы депутат Садык Шер-Нияз, элибизге бейпилдик алып келе турган Конституцияга каршы эмеспиз, бирок, элди коркутуу жолу менен баш мыйзамды өзгөртүүгө болбойт. Бизге парламентаризм керек»,-деди.

Конституциялык кеңешме

Белгилей кетсек, 20-ноябрда  конституциялык түзүлүштүн негиздерин өркүндөтүүнүн; адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин; мамлекеттик бийлик системасынын; мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды оптималдаштыруунун жана чектөөнүн концепциясын, ошондой эле жогоруда аталган багыттардан келип чыгуучу башка маселелерди талкуулоону жүргүзүү максаты менен Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Мурдараак Конституциянын жаңы долбоору кыргыз коомчулугуна сунушталган. Мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттар жаңы Конституция боюнча рефрендумду президенттик шайлоо менен бирге 2021-жылдын 10-январында өткөрүүнү сунуштаган.

1991-2010-жылдары Кыргызстанда президенттик башкаруу системасы өкүм сүргөн. 2010-жылы референдум өткөрүлүп, мамлекеттик башкаруу парламенттик системага өткөн.

Болжол менен 1,5 ай мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы башаламандыкка айланып, митингчилер президент жана Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Жыйынтыгында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, Садыр Жапаров премьер-министр болуп шайланган. Садыр Жапаров, баш мыйзамды өзгөртүү-элдин талабы экенин айткан.

Жаңылыктар