Кыргызстанда Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди

Бишкекте Чернобыль кырсыгынын 36 жылдыгына карата митинг-реквием өттү.

27 Nisan 2022 17:46

Ю.Фучик атындагы паркта Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюунун 36 жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү.

Иш-чарага коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, “Чернобыль Союзу” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, авариянын кесепеттерин жоюучулар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын орто мектептеринин окуучулары катышты. 

Митингдин катышуучулары курман болгондорду эскерип, Чернобыль апаатында курман болгондордун эстелигине гүл коюшту.

Белгилей кетсек, Украинадагы Чернобыль атом станциясында авария 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Ал жүз миңдеген адамдарды жабыркатып, миңдеген куткаруучулар дартка чалдыгып, майып болуп калышкан.

Жаңылыктар