Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо башталды

Улуттук статистика комитети өлкө аймагында 28 миңдей кызматкер эл жана турак жай фондун каттоо үчүн иштеп жатканын билдирди.

25 Mart 2022 15:16

Бүгүн Кыргызстанда эл каттоо башталды. Ал  2022-жылдын 3-апрелине чейин жана республиканын айрым аймактарында 23-апрелден 2-майга чейин өткөрүлөт.

Бул өнөктүк биринчи жолу мобилдик тиркемени колдонуу менен электрондук форматта каттоочулардын жеке уюлдук телефону же планшет аркылуу өткөрүлөт.

Каттоо “Кыргызстанда ар бир адам маанилүү” урааны менен өткөрүлүп жатат.

Белгилей кетсек, калкты каттоо 10 жылда бир жүргүзүлөт. Тарыхта Кыргызстандагы биринчи эл каттоо 1999-жылы, экинчиси 2009-жылы жүргүзүлгөн. Аталган схемага ылайык, үчүнчү эл каттоо 2019-жылы өткөрүлүшү керек болчу, бирок дүйнөлүк пандемиядан улам кийинкиге жылдырылган.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, эл каттоо,

Жаңылыктар