qazvak

Кыргызстанда эмдөөдө QazVak вакцинаны да колдонула баштайт

Кыргызстанга «QazVac» вакцинасынын 25 миң дозасы келди.

28 Temmuz 2021 16:16

Бүгүн, 28-июлда Кыргызстанга гуманитардык жардам катары «QazVac» казак вакцинасынын 25 миң дозасы келди. 

Гуманитардык жардамды берүү салтанаты министр Алымкадыр Бейшеналиев, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев жана аталган вакцинаны иштеп чыккан Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча изилдөө-институтунун өкүлдөрүнүн катышуусунда министрликте өттү.

«Казак вакцинасынын биринчи партиясын жеткирүү биздин президентибиз Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча Казакстандын өкмөтү тарабынан уюштурулду. Вакцинаны жеткирүү тууралуу келишими эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында жетишилген. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы жакшы коңшулук жана достук мамилелерди дагы бир жолу далилдейт», - деди элчи Р.Жошыбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Бейшеналиев Казакстандын өкмөтүнө жана элчилигине кыргыз-казак өнөктөштүгүн жогорку деңгээлде колдогондугу жана COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

«QazVac» вакцинасын иштеп чыккандардын бири Ергалы Абдураимов аталган вакцина 18 жаштан ашкан бардык каалоочуларды эмдөөгө боло турганын белгиледи. Биринчи жана экинчи дозанын ортосундагы аралык 21 күндү түзөт.

“Бүгүнкү күнгө карата бул вакцина менен 300 миңден ашык казакстандык эмделди. Каршы көрсөтмөлөр катталган жок”, - деди ал.

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Кыргызстан, ковид+, коронавирус,

Жаңылыктар