Кыргызстанда энергетикалык тармакты өнүктүрүү боюнча форум өттү

Бишкекте“Кыргызстандын энергетика тармагын трансформациялоо келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергияга карай жолунда” энергетикалык форуму өттү.

08 Nisan 2022 14:51

Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда “Кыргызстандын энергетика тармагын трансформациялоо келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергияга карай жолунда” энергетикалык форуму өттү.

Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында энергетикалык реформалардын жана инвестициялык кызматташуунун негизги багыттары, өлкөнүн энергетика тармагындагы реформаларды колдоо боюнча эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу маселелери талкууланды.

Форум сессияларынын алкагында катышуучулар жеке сектордун катышуусунда күн энергетикасын өнүктүрүү боюнча министрлер кабинетинин приоритеттерин, энергетикалык секторду реформалоо стратегиясын (реформалардын жана артыкчылыктуу инвестициялардын жол картасы), энергетикалык сектор маселеси боюнча калкты социалдык жактан колдоо чараларын талкуулады.

Эл аралык энергетикалык форумунун алкагында инвестициялык келишим жана меморундумга кол коюлду.

Алсак, Ысык-Көл облусунда 1 миң МВт кубаттуулуктагы электр станциясын куруу боюнча инвестициялык макулдашууга КР энергетика министри Доскул Бекмырзаев, КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана энергетикалык компаниялардын консорциумунун өкүлдөрү Чжао Чжанган (CPID компаниясы), Гу Хэйюнлер (CR20G компаниясы) кол коюшту.

Өз кезегинде Ысык-Көл облусунда 200 МВт кубаттуулуктагы күндөн энергия алуу станциясын жана ГЭС куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна КР энергетика министри Доскул Бекмырзаев жана Испаниянын Ecoener энергетикалык компаниясынын өкүлү Рикардо Томас Герьереро кол коюшту.

КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров форумда сүйлөгөн сөзұндө “Кыргызстандын энергетика тармагын трансформациялоо келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергияга карай жолунда” эл аралык энергетикалык форумунда негерацияны көбөйтүү боюнча артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду атады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын 70% гидроэлектр мүмкүнчүлүгү өздөштурүлбөй келет.

“Аталган мүмкүнчүлүктү өздөштүрүү максатында министрлер кабинети тарабынан 2030-жылга чейин кубаттуулугун 6 ГВттан ашык гидроэлектростанцияларын өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлор аныкталды”, - деди ал

Ошентип, бул потенциалды өнүктүрүү үчүн министрлер кабинети 2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 ГВттан ашык ГЭСти өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду аныктады.

Муну менен катар Жапаров инвестиция үчүн эң келечектүү болуп ири ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча стратегиялык долбоорлор аныкталганын белгиледи.

“Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен жогоруда көрсөтүлгөн демилгелер жана инвестициялык долбоорлор CASA-1000 аймактык долбоорунун алкагында өсүп жаткан суроо-талапты жана электр энергиясын жеткирүү үчүн жагымдуу шарттарды эске алуу менен калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн бардык шарттарды түзөт", - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйынтыгында ал бул долбоорлордун барын ишке ашыруу үчүн 14 млрд сомго жакын каражат керектелерин белгиледи.

Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү Шисин Чен Кыргызстан өкмөтүнүн энергетика тармагындагы реформалары акырындык менен колдоого алынарын билдирди.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан,

Жаңылыктар