Кыргызстанда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги (ЕӨАК) жыйыны кеңейтилген форматта өттү

Улукбек Марипов төрагалык кылган жолугушууга Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле ЕАЭБде байкоочу макамы менен Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов жана Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.

20 Ağustos 2021 12:31

Бүгүн, 20-августта, Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги (ЕӨАК) жыйыны кеңейтилген форматта өттү.

Иш-чарага Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.

Ошондой эле жыйынга байкоочу катары Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралды.

Садыр Жапаров ЕАЭБ алкагындагы кыйла актуалдуу багыттарды белгиледи

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчө-өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушту.

Садыр Жапаров өз сөзүндө ЕАЭБ өлкөлөрүн чектеш чек аралар эле эмес, достук ынактыгы, көп кылымдык биргелешкен жанаша жашоо, экономикалык, саясий, экологиялык жана демографиялык кызыкчылыктар да бириктирип турарын баса белгиледи.

»Биздин бүгүнкү жолугушуу Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында өтүп жатканы көрүнүктүү окуя. Бул күндөрү өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун жыйынтыгы ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнө, анын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырууга салым кошот деп ишенем. Кыргызстан биздин мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу кызматтташуунун тереңдешине өзгөчө маани берип, мындан ары да Биримдик мейкиндигинде интеграциялык процесстердин кийинки өнүгүүсүнө салым кошоруна ишендирип кетким келет», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү чаралары адилетсиз атаандаштыктын куралы болуп калбашы маанилүү. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги (ЕӨАК) кеңейтилген форматтагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

“Ушул оор шарттарда интеграциялык кызматташтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүүгө негизги көңүлдү өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкты. Биздин бирикме Евразия мейкиндигиндеги эң ири интеграциялык бирикме катары мүчө мамлекеттердин туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган жана БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары менен бөлүшөт. Бүгүнкү күндө бул өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү - бул жашыл экономика. Ал бир эле учурда экономикалык жана экологиялык максаттарды алдыга жылдыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга багытталган”, - деди ал.

Марипов Евразия экологиялык жана климаттык форумун Ысык-Көл жээгинде өткөрүүнү сунуштады.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги (ЕӨАК) кеңейтилген форматтагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов сөз сүйлөп, Евразия экологиялык жана климаттык форумун Ысык-Көл жээгинде өткөрүүнү сунуштады.

«Бүгүнкү күндө жашыл экономика бул өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү катары саналат, ал бир эле учурда экономикалык жана экологиялык максаттарды алдыга жылдыруу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга багытталган.

Бул – инклюзивдүү ыкмаларды колдонуучу, ресурстарды үнөмдөөчү, көмүртеги төмөн саналган жана диверсификацияланган экономика.

Жалпысынан климаттык күн тартиби жана жашыл экономика маселелери дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнүн экономикалык ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калгандыгын эске алуу менен келерки жылдын жайында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында климаттык өзгөрүүлөргө жана жашыл экономика маселелерине арналган Евразия экологиялык жана климаттык форумун Ысык-Көл жээгинде өткөрүүнү сунуштайм»,-деди ал.

Мамин: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода-экономикалык мамилелеринде оң тенденция байкалууда

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык мамилелеринде оң тенденция байкалып жаткандыгын баса белгиледи.

“Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги (ЕӨАК) жыйынынын жыйынтыгына таянып 2021-жылдын биринчи жарымында дүйнөлүк экономикада терс тенденциялар уланып жатканына карабастан ЕАЭБдин соода-экономикалык мамилелеринде оң тенденция бар экенин белгилөөгө болот", - деди ал.

Мамин белгилегендей, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 2021-жылдын биринчи кварталында 32%га өсүп, болжол менен 33 миллиард долларды түздү.

Ошондой эле товар жүгүртүүнүн көлөмү да 25%га өсүп, 370 миллиард долларды түздү.

Мындан тышкары, Казакстан өкмөтүнүн башчысы 2021-жылдын 19-20-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлганын кошумчалады.

Жыйындын катышучулары 16 документке кол койду

Өкмөт башчылары Биримдик алкагында интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташууну күчөтүүгө, соода-экономикалык алакаларды чыңдоого жана башка бир катар актуалдуу маселелер боюнча активдүү өз ара иш алпарууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 19-20-августта өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Anahtar Kelimeler: Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги (ЕӨАК) жыйыны, Кыргызстан,

Жаңылыктар