Кыргызстанда кадыр түн белгиленди

Кыргызстанда ыйык кадыр түндө мечиттер элге толду.

28 Nisan 2022 09:07

Ыйык кадыр түндө Кыргыз-Түрк Манас университетинин кампусундагы Сатык Бугра Хан атындагы мечит элге толду.

Жамаат алгач Таравих намазын окуду. Андан соң таңкы ооз бекитүүгө чейин Куран окулду.

Ыйык түнгө арналган дагы бир иш-чара Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте өттү. Мечитке чогулгандар жамаат менен намаз окуп, дуба кылды. 

Таңкысын мечитте ооз бекитүү тамагы берилди.

  

Жаңылыктар